ЫМУда «Санариптешүү доорундагы лингвистика» темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

2022-жылдын 26-октябрында К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология факультетинин чет тилдер кафедрасы залкар инсан, көрүнүктү лингвист, филология илимдеринин доктору, профессор Ж. Жусаевдин атына арналган «Санариптешүү доорундагы лингвистика» темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүштү. Конференциянын ачылышында университеттин ректору А. А. Иманбаев жана илимий иштер боюнча проректор Н. Т. Ишенбекова куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалап кетишти. Бул конференцияга өлкөбүздүн Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Турк «Манас» университетинин доценттери менен катар эле магистрантары да кызыктуу макалалары менен катыша алышты. Ошондой эле Австриянын илимдер академиясынын доктору Катерина Акермандын доклады да окумуштуулардын жана студенттердин арасында кызуу талкууга алынды. Ал эми Б. Городовиков атындагы Калмык мамлекттик университетинин герман филология кафедрасынын доценти, п.и.к Дальдинова Эльза Очир-Горяевнанын «Структурная характеристика немецкоязычных сайтонимов» темасындагы макаласы санариптешүү доорунун актуалдуу маселесин камтуу менен аталган конференциянын темасына төп келген мыкты докладдардын бири болду. К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун студент, магистрантары да мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарбай өз макалалары менен конференцияга катышып, изилдеп жаткан иштерин ортого салуу менен жакшы пайдалуу пикирлерди чогулта алышты.