“Ишкердиктин негиздери”.

2022-жылдын 26-октябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин БИЭ-21,22 тайпаларына Шаардык кеңештин депутаты, жеке ишкер Медерова Асель Медеровна “Ишкердиктин негиздери” сабагына келип конок лекция өтүп берди. Асель Медеровна студенттерге стартап-бизнес пландоо боюнча маалымат берип, өзүнүн ачкан бизнестерин айтып берди. Балдардын идеяларын угуп аларга аны ишке ашырууга кандай кадамдар керектиги боюнча кенен маалымат берип кетти. Конок лекция суроо жооп менен абдан кызыктуу өттү.