ЫМУда студенттер арасында дебат болуп өттү.

2022-жылдын 31-октябрында ЫМУнун #digikonush санарип көндүмдөр борборунда студенттер арасында дебат болуп өттү. Дебат Америкалык парламенттик дебат формасында өтүп, 4 команда “Достук”, “Айкөл” , “Ынтымак”, “Дем” катышты. Дебатка тайм кипер жана судья болуп педагогикалык, психологиялык жана гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Боконтаева Д.К. жана ага окутуучусу Сооронбаева Ч.К. катышты. Дебатта КР ЖОЖдордо заманбап кесиптерди даярдоодо дүйнөлүк атаандаштыкка жол сала алаары , билим потенциалы жана Кыргызстандагы таштандылардан арылуунун жолу тууралуу өткөрүштү. Финалдык беттешүү жакынкы күндөрү өтөөрү белгиленди.