ЫМУнун бүтүрүчүүлөрү жана магистранттары үчүн конок лекция уюштурулду.

2022-жылдын 2-ноябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология факультетинин чет тилдер каферасы «Чет тили» адистигинде окуп жаткан 4-курстун студенттери жана магистранттары үчүн конок лекция уюштурду. Конок лектор катары Россиянын Элиста шаарындагы Б.Б.Городовиков атындагы Калмык мамлекеттик университетинин герман филологиясы кафедрасынын окумуштуулары чакырылды. Күн тартибинде эки лекция каралып, анын бири «Этнический аспект в обучении иностранным языкам» деген темада герман филологиясы кафедрасынын доценти, ф.и.к. Дальдинова Эльза Очир-Горяевна тарабынан окулду. Лекция чет тилине окутуунун методикасындагы этникалык көрүнүштөрдү камтуу менен бирге калмык элине тиешелүү кызыктуу маалыматтар чагылдырылды. Экинчи лекция «Functional Styles of the English Language» деген темада болуп, ф.и.к., доцент Кекеева Татьяна Михайловна окуду. Лекциялар студенттер жана магистранттар менен катар окутуучулардын да кызыгуусун ойготуп, көптөгөн суроо жооптор менен коштолду.