ЫМУнун башкы адиси жаш окумуштуулар форумуна катышып, ийгилик жаратты.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун илим жана инновация бөлүмүнүн башкы адиси Аида Турукбаева 2022-жылдын 1-4-ноябрында Нижний Новгород шаарындагы Н.И.Лобачевский атындагы улуттук университеттин базасында өткөн КМШ өлкөлөрүндөгү жаш окумуштууларга арналган “Наука без границ” аттуу форумга жемиштүү катышып келди. Аида Канатбековна “Креативдуу инсан” секциясында окуган доклады 2 орундага жана 20000 рубль акчалай сыйлыгына татыды. Аида Канатбековнанын бул жетишкендиги менен куттуктап ишине ийгилик каалайбыз!