“Эл Аралык студенттер” күнү.

2022-жылдын 16- ноябрында К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун экономика тарых жана туризм факультетинин бухгалтердик эсеп анализ, аудит кафедрасынын “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” адистигинин 1- 4 – курсунун студенттери ЫМУнун жатаканасындагы жашап жаткан студенттерине “Эл Аралык студенттер” күнүнө менен куттукташты. Иш чарада эстафета, викторина, флешмоб жана ар кандай конкурстар уюштурулду, активүү катышкан студенттерге кызыктырылуучу белектер берилди. Иш чарага ЫМУнун тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Атыгаев Б.И жана кафедранын баардык окутуучулары активдүү катышышты. Иш чаранын сонунда жатакананын студенттерине арналган кичи фуршет столу даярдалды.