17-ноябрь бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү.

17-ноябрь бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаевдин катышуусу менен Ч.Айтматов атындагы борбордук аянтта өттү. Иш чарада окууда, коомдук жана спорт иштеринде мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн студенттер Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. “Менин сүйүктүү университетим” интсалляциясынын ачылыш аземи да өтүп, студенттерибизди абдан кубандырды. Майрам Каракол шаардык маданият бөлүмү даярдаган шоу-программа менен коштолуп, студенттерге дискотека уюштурулду.