“Океандан бир тамчы” жана “IT- нөлдөн”…

2022-жылдын 16-ноябрында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда колледждин жаш окутуучусу Арген Дүйшөбековдун калемине таандык “Океандан бир тамчы” жана “IT- нөлдөн” китептеринин бет ачаары болду. Окуу жайдын ректору А.Иманбаев А.Дүйшөбековдун калеминен жаралган эмгегине баа берип, IT-тармагында билим алып жатышкан студенттер үчүн бул эмгек чоң натыйжа берерин баса белгилеп айтып өттү. Иш-чарада колледждин директору Г.Абыласынова автордун кесиптештери, ата-энеси сөз сүйлөшүп, мындан аркы иштерине ийгилик каалап өтүштү. Кече бийлер, жагымдуу ырлар, көркөм окуу менен коштолуп, иш-чара жогорку деңгээлде болуп өттү.