Ормон хандын 230 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Ормон хандын 230 жылдыгына байланыштуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Конференцияны уюштуруп, иш чарага даярдык көрүп, аны аткарган “Тарых, мамлекеттик жана муниципалдуу башкаруу” кафедрасынын окутуучулар жамааты жүргүздү. Студенттер Ормон Ниязбек уулунун кыргыз элине жасаган опол-тоодой эмгектерине токтолуп, ал кишинин ар- кылдуу турмуш тепкичтерине баяндама берилди. Жасалган докладтар кызыктуу жана мазмундуу өткөрүлдү. Тарыхый инсандар, алардын эл алдында жасаган, кылган иштери менен кенен таанышып, тарыхый ой-жүгүртүүгө үйрөнүшүп, реалдуу тыянакка ээ болушту. Докладтар студенттер тарабынан кубануу менен кабыл алынды, кол чабуулар коштоп турду. Баяндама жасаган студенттер, илим күнүндө университеттин сертификаттары менен сыйланышты жана жакшы каалоо-тилектер айтылды.