Түрк тили курсун ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды.

2022-жылдын 25-ноябрында түрк тили курстарын ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды. Сертификат тапшыруу аземин ЫМУнун малекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Атыгаев Бакытбек Исаевич ачып, угуучуларды курсту аякташы менен куттуктады. Түрк тили курстарына К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучулары, студенттери, Ысык-Көл облусунун мектеп окуучулары жана Каракол шаарынын тургундары катышты. TÖMER түрк тилин окутуу борборунун окутуучу-волонтеру Мехмет Али Капландын иштерине ийгилик каалап, ыраазычылык билдиребиз!