ЫМУнун жатаканасында окуу-тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

2022-жылдын 24- ноябрында К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун тарых, мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу кафедрасы тарабынан ЫМУнун жатаканасындагы жашап жаткан студенттерине “Жаштык кез” аттуу темада окуу-тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Иш чарада эстафета, викторина, флешмоб жана ар кандай конкурстар уюштурулду, активүү катышкан студенттерге кызыктырылуучу белектер берилди. Иш чарага ЫМУнун тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Атыгаев Б.И., илим жана инновациялар боюнча проректору Ишенбекова Н.Т., жана кафедранын баардык окутуучулары активдүү катышышты.