ЫМУда илимий-техникалык кенешинин отуруму болуп ѳттү.

2022-жылдын 1-декабрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн илимий-техникалык кенешинин отуруму ѳттү. Күн тартибинде КР президентинин Ысык-Кѳл областындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн илимий-техникалык кенешинин жаны курамы бекитилди жана мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланган 3 илимий-изилдѳѳ темаларынын 2022-жыл ичиндеги отчету каралып, талкууга алынды. Биринчи, т.и.д., профессор К.Ж. Зиялиев жетектеген «Создание ручных виброударных машин на основе рычажных механизмов с круговыми звеньями» темасындагы илимий – изилдѳѳ ишинин жыйынтыгы талкууга коюлду. Профессор Зиялиев К.Ж. ѳзүнүн расмий тилдеги отчетунда, каралган илимий-илдѳѳ ишинин жыйынтыгы боюнча үстүбүздѳгү жылы 2 Кыргыз-Патент жана 1 Евразиялык патент алынгандыгын жана алынган жыйынтыктар менен Россия Федерациясынын бир катар жогорку окуу жайлары кызыкдар экендигин белгиледи. Мамлекеттик бюджет каржылаган «Разработка систем мероприятий, направленных на получение высокопродуктивных сельскохозяйственных животных, адаптированных в условиях Иссык-Кульской области» аталыштагы, т.и.к., доцент Абдулдаев Д.А. жетекчилик кылган экинчи тема дагы регионубуз үчүн ѳтѳ маанилүү экендиги белгиленип, мындар ары дагы комплекстүү илимий-изилдѳѳлѳрдү улантуу сунушталды. «Развитие экологического туризма в Иссык-Кульской области (ГПП «Хан-Тенири»)» аталыштагы үчүнчү мамлекеттик каржылоодогу илимий темасынын жетекчиси б.и.д., профессор Калдыбаев Б.К. ѳзүнүн отчетунда, жүргүзүлгѳн илимий-изилдѳѳлѳрдүн негизинде, Кыргызстанда тоо туризмин ѳнүктүрүүдѳ жана экологиялык коопсуздук жаатында ѳтѳ маанилүү болгон жыйынтыктар алынгандыгын билдирди.