“Негизги санариптик көндүмдөр жана санарип туристик платформаларда иштөө” .

2022-жылдын 2-декабрында К.Тыныстанов атындагы #DigiKonush санарип көндүмдөр борборунда “Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду” @shestartskg коомдук бирикмеси «Жаштардын бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү – «Санарип Инсан» долбоорунун алкагында — “Негизги санариптик көндүмдөр жана санарип туристик платформаларда иштөө” боюнча жаштар жана аялдарды камтыган тренинг өттү.Тренингдин алкагында катышуучулар:

Instagram, Tik Tok, Facebook социалдык тармактарын, Google My Business жана Whatsapp, Telegram мессенджерлерин бизнесте эффективдүү колдонууну;

Google.com, 2ГИС карталарын колдонуу жана ага катталууну;

TripAdvisor.com аянтчасында аккаунттарды ачуу, Shelter PMS, Edelweiss, Fidelio сыяктуу мейманканалардын автоматтык системаларын жана WebPMS Travelline мейманкананы башкаруу системасын алып барууну үйрөнө алышты.