ЫМУнун студенттери Улуттук дебатка катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.

2022 –жылдын 3-декабрында Баялинов атындагы китепканада Америка борборунун программасы менен “American Spaces” 2022 Улуттук дебаттык турнири «Кыргызстандагы улуттук парктар» жѳнүндѳ болуп ѳттү.
Дебаттын максаты: Кыргызстан мамлекетинде Парктар канчалык денгээлде жер тилке ээлеш керек экендигин тастыктоо. Дебадка: Кыргыз Мамлекетинин баардык Жогорку окуу жайларынан 8 команда катышып. Аталган командалардын ичинен К. Тыныстанов атындагы ЫМУ нун ПО 31 тайпасынын студенти Жамалиев Алымбек жана КФ-31 тайпасынын студенти Калчаева Сезим катышып 2- оорунду ээлеп акчалай сыйлык жана сертификатка ээ болуп ийгилик менен келишти.