Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо күнү белгиленди.

10-декабрь Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо күнү салттуу түрдө белгиленип келет. БУУда 1948-ж. кабыл алынган Декларацияны негизинде ар бир адамдын укугу мыйзамдуу түрдө корголуу менен ар бир инсанга сый мамиле, жана кол тийбестик жонундо даана чагылдырылган. Жаштар арасында мыйзамдуу маалыматтар менен кабардар кылууда ЫМУнун ага окутуучу Ч.К.Сооронбаева даталуу күнгө карата иш чара уюштурду. КР Акыйкатчысынын Ысыккөл областындагы өкүлү Тамаев О.Ш. , Ысыккөл областынын ИИБнин начальниги Джумагазиев К.С. , КР кыйноолорду алдын-алуу борборунун Ысыккөл обл. өкүлү Сарыбаев Т.К. , укук коргоочулар, журналисттер, студенттер, окутуучулар катышкан семинар өткөрдү. Семинардын 1-сессиясы адам укуктары, миграция, сервистик тейлөө, кыйноолорду алдын алуудагы иш чаралар ж.б. укуктук, мыйзамдык аракеттер тууралуу маалыматтар берилди. 2-сессияда доцент Боконтаева Д.К. тарабынан даярдалган дебат тобунун студенттери менен “КР адам укуктары мыйзамдуу түрдө корголобу?” деген темада дебат өткөрүлдү. Студенттер абдан кызыгуу менен аргументтер аркылуу ойлорун ортого салышты. Жыйынтыгында дебатка катышкан студенттер ЫМУнун “Ыраазычылык баракчасы” менен сыйланышты.