ЫМУнун колледжинде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Адабият күнү белгиленди.

Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Адабият күнүнүн алкагында Колледждин окутуучусу Түргөнбаева Айзада Абдыкеримовна КП-11 тайпасынын студенттери менен бирге “Жамийла” повести боюнча ачык талкуу сабагын жогорку деңгээлде өттү. Сабактын жүрүшү кызыктуу окуялар, маалыматтар, видео баяндар, ар тараптуу методикалык ыкмалар, интерактивдүү тапшырмалар, оюндар менен коштолуп, бардык баскычтар толук аткарылып, сабак максатына жетти.