ЫМУнун колледжинде мугалимдик кесипке арналган бир айлык жыйынтыкталды.

Мугалимдик иш – түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок аны менен катар эле сыймыктуу, ардактуу иш. Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, эрезеге жеткирген – бул МУГАЛИМ эмеспи. Мына ушул улуу кесиптин алгачкы кадамдарын аттай турган Колледждин педагогикалык адистиктеринин студенттерине мыкты иш тажрыйбалар менен бөлүшүп, көмөк көрсөтүп, педагогикалык практикагага багыт берүү максатында бир айлык уюштурулуп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Айлыктын алкагында ЫМУнун доценти, драматург Асаналиева Кыял Айбашевна “Мугалимдин сүйлөө кеби”, ага окутуучу КМШнын “Мыкты педагог – 2022” сыйлыгынын ээси Бапа кызы Айнура “Математиканы окутуунун заманбап ыкмалары”, тренер Малдыбекова Бермет Качкыновна “Арт терапия жана баланын эмоционалдык абалын диагностикалоо, оңдоо үчүн сүрөт тестинин мүмкүнчүлүктөрү”, Каракол шаарынын №3 мектебинин мугалими Алиева Гүлзат Азимовна “Англис тилин үйрөтүүнүн заманбап ыкмалары”, №1 мектептин мугалими Коновалова Татьяна Васильевна Окуу керемет проектисинин негизинде “Ложь огромная как слон” деген темаларда ар түрдүү методикалык багытта семинар, мастер класс, тренингдерди өткөрүп беришти. Студенттердин практика өтүүдөгү ишине көмөк көрсөткөн бардык октуучу эжейлерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин талбай эмгектенип топтогон иш тажрыйбаларыңыздардын үзүрүн жалпы өлкөбүздүн жаштары көрө берсин. Иш чаранын модераторлору Колледждин окутуучулары А. А. Түргөнбаева, З. З. Турдукеева, Абдырай кызы Нурзада.