ЫМУда И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата республикалык илимий- практикалык конференция болуп ѳттү.

Кыргыз элинин алгачкы  агартуучу-илимпозу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык  мааракесин белгилѳѳ боюнча республикабызда кѳптѳгѳн иш-чаралар ѳтүп жаткандыгы маалым. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинде 2022-жылдын 14-декабрында «Ишеналы Арабаев: баа жеткис эмгек, унутулгус ѳмүр” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп ѳттү. Конференциянын максаты – кыргыз интеллигенциясынын билим берүү, маданият, тарых, саясат таануу жаатындагы эң кѳрүнүктүү инсан И.Арабаевдин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптѳлүшүнѳ кошкон  эбегейсиз зор салымы, агартуучулук тармакта алгачкылардан болуп, сабатсыздыкты жоюу боюнча жазган “Алиппенин” автору кыргыз элине арнаган ѳмүрүн, баа жеткис эмгегин эскерүү, талкуулоо, алардын ролун жана маанисин жаш муундарга тааныштыруу; Арабаевдин эмгектери жана алардын мааниси, ѳмүр жолу боюнча изилдѳѳлѳрдү жүргүзүүгѳ жол салуу, жаш муундарды үндѳѳ болду.

Конференцияга катышууга КР нын Улуттук илимдер академиясынан. КРнын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дыйканбаев ат. Дипломатиялык академиясынан, И.Арабаев атындагы КМУнун илимпоздору, КРнын Президентинин Ысык-Кѳл областындагы толук ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн ѳкүлдѳрү, кесиптик жана орто билим берүү мекемелеринин ѳкүлдѳрү,  жаш окумуштуулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер катышышты. Конференцияда негизги докладдар менен чыгып сүйлѳгѳндѳр: КР нын УИАнын Б.Жамгырчинов ат. Тарых жана этнология институтунун бѳлүм башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент  Кубатова. Аида Эсенгуловна  («Караколдогу жаңы усулда окутуучу мектептер жана алардын И.Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгүнѳ тийгизген таасири»); И.Арабаев ат. КМУнун Педагогика кафедрасынын профессорунун м.а., педагогика илимдеринин кандидаты  Эсенгулова Миргүл Молутбековна («Эшенаалы Арабаевдин агартуучулук ишмердүүлүгү жана педагогикалык мурастары»), КР нын УИАнын Ч.Айтматов ат. Тил жана адабият институтунун «Манастаануу жана акындар» бѳлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору Кѳлбаева Мээрим ( «Кыргыз-казак алгачкы агартуучуларынын алакасы»); К.Тыныстанов ат. ЫМУнун Педагогика факультетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты  Курманалиева Чолпон Албановна («Сабатсыздыкты жоюудагы алгачкы жол») болушту.