Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагы чоң жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагы чоң жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Иманов 2022-жылдын 20-декабрында дүйнө салды. Акеш Иманов 1931-жылдын 27-августунда Ысык-Кѳл облусунун Жети-Ѳгүз районундагы Ак-Дѳбѳ айылында тѳрѳлгѳн. Жалпы орто билимди Ак-Дѳбѳ, Аң-Ѳстѳн айылдарындагы жана Каракол шаарындагы Киров атындагы орто мектептерден алган.

1947-1948-окуу жылында Бишкек шаарындагы (мурунку Фрунзе шаары) пединституттун кыргыз филологиясы факультетине ѳтүп, аны 1952-жылдын июнь айында аяктаган. Ошол күндѳн азыркы мезгилге чейин билим берүү системасында эмгектенип келген.

Жогорку билим алгандын алгачкы 7 жылын Тажикстандын Мургаб, Кыргыз Республикасынын Жети-Ѳгүз райондорундагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин VIII-X класстарында кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучу, окуу бѳлүмүнүн башчысы, мектеп директору кызматтарында иштеген.

1958-жылдын октябрь айында Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук университетиндеги Кыргыз тил илими кафедрасынын аспиранты болуп, аны 1961-жылы ийгиликтүү аяктап, филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. «Кыргыз тилинин эки составдуу жѳнѳкѳй сүйлѳмдѳрүндѳгү сѳздѳрдүн орун тартиби» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Андан кийин ошол эле улуттук университетте окутуучу, ага окутуучу жана доценттик кызматта 1990-жылдын июль айына чейин иштеген. 1990-1991-окуу жылында Ысык-Кѳл обласындагы К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетке Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин чечиминин негизинде жаны ачылып жаткан университетти чыңдоо максатында которулуп келген. Ошол мезгилден бери Ысык-Кѳлдѳгү аталган университеттин Кыргыз тили кафедрасынын башчысы, Кыргыз филологиясынын деканы жана профессору кызматында эмгектенип келген. Профессорлук илимий наам 1990-жылы, филология илимдерининин доктору илимий даражасы 1995-жылы ыйгарылган. «Кыргыз тилинин синтаксистик түзүлүшү» деген окуу китебинин (Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн) негизинде докторлук диссертация коргогон.

2003-жылдын 18-сентябрында Чуй университетинин «Ардактуу профессору» деген наамы ыйгарылган.

Кыргыз Республикасында илимди ѳнүктүрүүгѳ жана республикасынын эл чарбасына жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон зор залымы үчүн Кыргыз ССРинин билим беруусунун отличниги (1965), В.И. Лениндин 100 жылдык юбилейи медалы (1970), «Эмгек ардагери» медалы (1991), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1991), Ысык-Кѳл областык администрациясынын Ардак грамотасы (1995) менен сыйланган. 1999-жылдын 21-сентябрында республиканын билим берүүсүнѳ сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз Республикаксында кадрларды даярдоодо эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам берилген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин ѳнүктүрүүгѳ кошкон зор залымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы (2006), Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2010) менен сыйланган. Илим изилдөө иштериндеги ишмердүүлүгү, улуттар арасындагы биримдикти, ынтымакты чыңдоодогу жеке салымы үчүн жана Ысык-Кѳл обласынын 70 жылдыгына карата «Жети-Эгуз районунун ардактуу атуулу» (2009), Ысык-Кел обласынын алдындагы зор эмгегин, коомдук-саясий турмушундагы ѳзгѳчѳ салымын жогору баалап жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгынын урматына карата «Ысык-Кѳл обласынын ардактуу атуулу» (2011) наамдары ыйгарылган.

Билим беруу системасында жана илим-изилдѳѳ иштеринде узак жылдардан бери эмгектенген мезгилдин аралыгында кѳптѳгѳн монографияларды, окуу китептерин, окуу-методикалык кѳрсѳтмѳлѳрдү, окуу программаларын, илимий жана публицистикалык макалаларды жазган. Ал-жалпы билим берүүчү орто мектептер, атайы окуу жайлары жана жогорку окуу жайлары үчүн кыргыз тилинии синтаксистик түзүлүшү боюнча кѳптѳгѳн окуу китептеринин автору. Профессор А.Иманов кыргыз элинин санжыра-тарыхы боюнча да үзүрлүү эмгектенип келген. Анын бул багытта бир нече монографиялары, 20дан ашык макаласы жарык кѳрдү.

Профессор А.Иманов илим кадрларын даярдоого да салымы зор: ал филология илимдеринин 8 кандидатын, 1 докторун даярдаган. Азыр да бир нече аспиранттын, изденүүчүлѳрдүн илимий жетекчиси жана 2 докторанттын консультанты эле.