ЫМУда жаңы жылга карата иш чара болуп өттү.

27-декабрда К.Тыныстанов атындагы ЫМУда жаңы жылга карата иш чара болуп өттү. Факультеттер аралык жаңы жылдык ырларды аткаруу жана мультфильмдеги ырларды аткаруу конкусу болду. Жыйынтыгында физика-математикалык жана табигый-техникалык факультеттин окутуучулар курамы, 1 -орун 7 000 сом, экономика, туризм жана тарых факультети менен колледждин окутуучулары 2- орун 5 000 сом, филология жана педагогика факультеттеринин окутуучулар курамы 3-орун 4 000 миң сом акчалай сыйлыгы менен сыйланышты. Мультфильмдеги каармандарды чеберчилик менен образын ачып аткарган окутуучулар өзүнчө акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.Ошондой эле ф.и.д., профессор А.Э.Абдыкеримова, п.и.к., Н.Т.Чолпонкулова, ага окутуучу Ч.Омурбековалар КР билим берүү жана илим министрлигинин мыктысы төш белгиси менен сыйланышты.Андан тышкары лоторея ойнотулуп үйгө керектелуучу белектерди ала алышты.Соңунда ректор А.Иманбаев жалпы жамаатты жаңы жылга карата акчалай сыйлоо тууралуу буйругу менен тааныштырып, жалпы жамаатты кубандырды.