Түркияга жардам: ЫМУнун жалпы жамааты бир күндүк маянасын которот.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жалпы жамааты 2023- жылдын 6- февралында Түркия өлкөсүнүн түштүк-чыгышында болгон зилзаланын кесепетинен жабыркаган боордош түрк элине материалдык жардам катары бир күндүк эмгек акысын которуу чечимин кабыл алды. Каражаттар жабыркагандарга жардам берүү үчүн акча каражаттарын топтоо боюнча Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү депозиттик эсебине которулат.К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 10го жакын Түркиянын жогорку окуу жайлары жана TİKA Түрк кызматташтык агенттиги, TTӦMER түрк тилин окутуу борбору, Түркиянын Кыргызстандагы консулдугунун билим берүү бөлүмү, Анкарадагы Дүйнө Сөз Академиясы, Невшехирдеги Хажи Бекташ Вели маданий борбору менен тыгыз байланышта кызматташат. Түрк элинин кайгысын тен бөлүшүп, маркум болгондордун жакындарына көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз!