“Кыргызстандагы петроглифтер”.

2023-жылдын 21-февралда К.Тыныстанов атындагы ЫМУда Тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын уюштуруусу менен “Кыргызстандагы петроглифтер” боюнча Айгине коомдук фонду тарабынан конок – лекция болду. Жумагазы Садыр уулу, Чынара Сейдахматова, Айза Абдрахманова, Чолпонай У-Г Кыргызстандагы чийим таштардагы белгилер боюнча кызыктуу маалыматтарды айтып өтүштү. Мында өзгөчө Ак Булуң айылында 2022-жылы изилденген петроглифтер боюнча кенен презентация болду. Конок-лекцияга тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын окутуучулары, тарых жана туризм адистигинин студенттери катышты.
Дүйнө таанымдын сырларын ата – бабаларыбыз чийим таштарга калтыргандыгы тууралуу маалыматтар берилди. Конок-лекциянын аягында суроо-жооптор болуп, мыкты суроолорго, кызыктуу комментарийлерге белектер берилди.