21-февраль – дүйнөлүк эне тил күнү.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери, филология факультетинин деканы Үпөл Кадыркулова жана кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти Кыял Асаналиева 21-февраль – дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ысык -Көл областтык ички иштер башкармалыгынын жамаатына тилдин мааниси, ролу жөнүндө иш-чара өтүштү. Ар улуттагы студенттер өз эне тилинде ыр айтып, доклад жасашты. Ал түгүл дунган жигит “Манас”эпосунан үзүндү да айтып берди. Студенттер ИИБ жамаатынын купулуна толуп, жакшы баалоого арзып кайтышты.