“Эне тилдин ээси – эл”.

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү. Бул күнгө карата филология факультетинин КР-11, КФ-21 тайпаларынын студенттери менен куратору С.Б.Оторбаева “Эне тилдин ээси – эл” аттуу иш-чара өтүштү. Анда ар улуттун тилинин тарыхы тууралуу маалымат берилип, ар улуттун тилинде ырлар айтылды. Кыргыз тили жөнүндө кызыктуу маалыматтар камтылган баяндама жасалды, эне тил тууралуу автордук жана көркөм ырлар окулду. Бардык тилге сый-урмат менен мамиле кылып, ошону менен катар өз эне тилибизди өзгөчө сүйүп, даңазалоо – ар бир жарандын милдети экенин эсибизден чыгарбоо керек.