ЫМУда ата-энелер менен жолугушуу уюштурулду.

2022-2023-окуу жылынын 21-февралында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Педагогикалык факультетинин Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы адистигинин П-21-22-тайпаларында окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду. Иш чарада факультетинин деканы А.Анапияева окуудан жана коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге ардактуу грамоталарды, ата-энелерге ыраазычылык каттарды тапшырды. Ата-энелер менен жакындан таанышуу, студенттердин сабакка жетишүүсү, катышуусу, университеттин ишмердүүлүгүн тааныштыруу максатында уюштурулду.