ЫМУда агроишкерлер үчүн балык чарбасы боюнча семинар өткөрүлдү.

2023-жылдын 22-февралында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Инновациялык Агро Борборунда «Жаш Табышкер» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун агроишкерлери үчүн балык чарбасы боюнча семинар өткөрүлдү.Семинарда ихтилолог консультант – Аламанов Эсен Куленбекович жана Балык чарба департаментинин жетектөөчү адиси – Иманбеков Адилет Орозбаевич балык өстүрүү жана аларды көбөйтүү, балык тоюттандыруу, тукумун жакшыртуу иштерин жүргүзүү жөнүндө тажырыйбалары менен бөлүшүштү. “Жаш табышкер” долбоору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси тарабынан Европа Биримдигинин демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.