ЫМУнун студенттери кесиптик-базалык практикасынын жыйынтык конференциясын өткөрүштү.

2023-жылдын 25-февралында «Кыргыз тили жана адабияты» адистигинин КФ-41 тайпасынын студенттери кесиптик-базалык практикасынын жыйынтык конференциясын өткөрүштү. Конференцияга Филология факультетинин деканы У.К.Кадыркулова, Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары, адистиктин 1-3-курстарынын студенттери катышты. КФ-41 студенттери практика убагында колдонгон метод-ыкмалар, стратегиялар жана жаңы технологиялар менен кыргыз тили, кыргыз адабияты сабактарынын фрагменттерин көрсөтүп беришти. Ошондой эле практика учурундагы ийгилик-жетишкендиктери, кызыктуу учурлары жөнүндө айтып берүү менен теориялык мыкты билимге ээ болуу, методист окутуучулардын жардамы практикадагы ийгиликтерге жетишүүлөрүн жана кыйынчылыктарды жеңе билүүлөрүн камсыз кылгандыгын бир ооздон белгилеп өтүштү. Практиканын методисттери 4-курстун студенттери мектеп администрациясынын да жакшы пикирлерине арзып, алкоого татыктуу иш алып барышкандыктарын айтып беришти. Андан соң практиканын жүрүшү, анда учурачу ар түрдүү кырдаалдар тууралуу 1-3-курстун студенттери суроолорду беришип, пайдалуу жоопторду алышты. Алар конференциянын аягында 4-курстун студенттерине каалоо-тилек арноо менен конференцияда өздөрүнө өрнөк болчу көп нерселерди алгандыктарын, мугалимдик кесипке дагы да шыктанып калышкандыктарын билдиришти. Конференция факультеттин деканы У.К.Кадыркулованын, кафедра башчысы Ч.Д.Толубаеванын студенттерге ыраазычылык билдирип, аларга алдыда ийгиликтерди каалаган сөздөрү менен жыйынтыкталды.