Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы адистигинин 4-курсунун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

2023-жылдын 27-февралында Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы адистигинин 4-курсунун студенттеринин кесиптик-профилдик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Аталган конференцияга практика жана жумушка орноштуруу адиси Ж.Такырбашева, факультеттин деканы А.Анапияева жана предметтер боюнча методисттер катышышты. П-41, П-42 тайпасынын студенттери практика учурундагы сабактардын фрагменттерин слайд түрүндө көрсөтүп, отчетторун беришти. Мектеп администрациясы тарабынан (Каракол шаарынын #1 инновациялык мектеп-гимназиясы, #9 жалпы орто билим берүү мектеби) студенттердин алган теориялык билиминин тереңдиги, окутуу методикасы талапка жооп берээрлик деңгээлде өздөштүрүп, мектепке көргөзө алгандыгы тууралуу мактоого арзыгандыгы маалым болду. Конференциянын аягында методисттер студенттерге бир катар сунуш пикирлерин беришип, ийгилик каалашты.