ЫМУнун студенттери кесиптик-базалык практикасын жыйынтыкташты.

2023-жылдын 28-февралында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Педагогикалык факультетинин “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” адистигинин 3-курсунун студенттеринин 16-январынан 18-февралына чейинки мөөнөттө өткөрүлгөн кесиптик-базалык практикасын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Адистиктин студенттер-практиканттары Каракол шаарынын жана райондук мектептерде 5 жумалык практикасын өтүп келишти. Конференцияда студент-практиканттар практика өтүү мезгилиндеги ийгиликтери, башталгыч мектептин окутуу методикасын өздөштүрүүдөгү топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Конференцияга факультеттин деканы ф.и.к., доцент А.Анапияева, “Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү”, “Математика, информатика жана окутуунун технологиялары” кафедраларынын методисттери катышышты. Адистикке практика өтүү жакшы жолго коюлган. Кафедралардын окутуучу-методисттери практиканттар менен тыгыз байланышта иш алып барышып, методикалык жардам көрсөтүлүп турду.Практиканын жыйынтыгында мектептин администрациясы тарабынан П-31 тайпасынын студентти Беккожоева Айзирекке ыраазычылык кат берилип, алкыш сөздөр айтылган.