ЫМУда сык-Көл облустук мектеп окуучуларынын 53-предметтик олимпиадасынын III этабы жыйынтыкталды.

2023-жылдын 1-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жыйындар залында Ысык-Көл облустук мектеп окуучуларынын 53-предметтик олимпиадасынын III этабы жыйынтыкталды. Бул иш чарага облустук олимпиадада I орунду ээлеген окуучулардын мугалимдерине К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору А.Иманбаев окуу жайдын атынан “Ыраазычылык баракчасын” жана чакан белегин тартуулады. Эскерте кетсек, акыркы 2-3 жылдан бери Ысык-Көл облустук билим берүү институту менен тыгыз байланышта иштерди алып барып, демөөрчүлүк кылууда.