Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу Күнү.

Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн чагылдырып турат. Баарыңыздарды мекенчилдиктин, ийгиликтин, жеңиштин белгиси болгон мамлекеттик кызыл туубуздун кабыл алынган күнү менен куттуктайбыз! Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, 5-март күнү өкмөт үйүнүн имаратында көтөрүлгөн. Туунун авторлору: Э. Айдарбеков, Б.Жайчибеков, С.Иптаров, Ж. Матаев жана М. Сыдыков.