Студенттердин практикаларынын жыйынтык конференциясы болуп өттү.

2023-жылдын 3-мартында Филология факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” адистигинин 2-3-курстарынын Адаптациялык жана Кесиптик-базалык практикаларынын жыйынтык конференциясы болуп өттү. Конференцияга ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору Ж.Ш.Токтакунов, ишке орноштуруу жана өндүрүштүк практикалар боюнча адиси Дж.А.Такырбашова, факультеттин деканы У.К.Кадыркулова, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын мүчөлөрү жана студенттер катышышты. Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда өткөн сабактары жана тарбиялык сааттары тууралуу слайддын коштоосунда кенири айтып беришип, колдонулган көрсөтмө куралдар көрсөтүлдү. Ошондой эле суроо-жооптор болуп, практика учурунда жетишкен ийгиликтери жана жетишкендиктери, кездешкен көйгөйлөр, кыйынчылыктар тууралуу да айтып беришти.Конференциянын аягында Ж.Ш.Токтакунов жана Дж.А.Такырбашовалар студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришип, практикант-студенттердин жетишкендиктерин белгилөө менен аларга ийгилик каалап өтүштү.