ЫМУда “Улут наркы-каада салт” атуу сахналаштырылган кече өткөрүлдү.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин чет тилдер кафедрасынын ИА-41-42 тайпалары куратору Асанбаева Нуриля Турсунбаевна менен биргеликте “Улут наркы-каада салт” атуу сахналаштырылган кече өтүштү. Кечеде “кыз узатуу, кыз көрсөтүү, уул үйлөнтүү” салттары көрсөтүлүп, ырым-жырымдардын мааниси жана колдонулушу тууралуу суроолор узатылып,түшүндүрмөлөрү берилди.