ЫМУда түрк тили курстарын ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды.

2023-жылдын 10-мартында түрк тили курстарын ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды. Сертификат тапшыруу аземин ЫМУнун малекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Атыгаев Бакытбек Исаевич ачып, угуучуларды курсту аякташы менен куттуктады. Түрк тили курстарына К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучулары, студенттери, Ысык-Көл облусунун мектеп окуучулары жана Каракол шаарынын тургундары катышты.Ар бир сертификат ээлерин куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!