ЫМУда “Электрондук коммерция” боюнча 1 күндүк окутуу өтүлдү.

11-март 2023ж. К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун #DigiKonush санарип көндүмдөр борборунда “Санарип Инсан” долбоорунун алкагында кезектеги “Электрондук коммерция” боюнча 1 күндүк окутуу өтүлдү. Тренерлер: Фариза Чилмергенова; Ажыбек Нурланов, Алина Найзабекова “Санарип Инсан” долбоору- жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы долбоор. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат. Долбоорду Евробиримдиктин колдоосу менен European Neighborhood Council жана Интернет коомдун Кыргыз бөлүмү ишке ашырууда.Бир күндүк окутуулардын алкагында катышуучулар төмөнкү көндүмдөргө ээ болушту: товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видео жана тексттин жардамы менен бүгүнкү күндөгү базар талабына ылайык презентациялоо; тексттик сыпаттамасын түзүү; жарнама, пост, макала, техникалык мүнөздөмөлөр үчүн тексттерди жазуу жана копирайтинг сырларын ачуу. Ошондой эле, мобилография боюнча практика жүзүндө видео аркылуу жарыялоону; видеого тартууну, монтаждоо сырларын жана ага тиешелүү тиркемелер аркылуу электрондук аянтчаларга жайгаштырууну өздөштүрүшөт.