2023-жылдын 27-февралында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Бизнес инкубаторунда» GIZ долбоорунун алкагында «Ишкердүүлүктү баштагандар үчүн» даярдоо курсу старт алды. Тренерлер: Чинара Амантурова, Турсун Шыгаева, Бактыгүл Сейкимбаева, Зубида Даутова.Бул долбоор жаштардын, жумушсуздардын, кыз-келиндердин ишкердик менен алектенип, өздөрүнүн бизнес проектисин жазып жана инвесторлорго, донорлорго алып чыгуу максатында иш алып барат. Курстун угуучулары бизнес проект түзүүнү, санариптик платформаларды колдонууну, өз продукциясын жарнамалоону, санарип финансылык колдонмолорду жана ишкердик кылууда маалымат технологияларды колдонууну үйрөнүшөт.Бир айлык курстун алкагында угуучулар бизнес долбоорду иштеп чыгуу жана долбоорду презентациялоо көндүмдөргө ээ болот. Долбоордун жыйынтыгында 27-март Демо күндө угуучулар өз бизнес долбоорлорун донорлорго, өнүктүрүү фондуларына, финансылык институттарына, мамлекеттик жана башка кызыктар тараптарга алып чыгышат. Кызыкдар тараптарды кызыктырган долбоорлор каржылоого жана GIZ долбоорунун сертификатына ээ болушат. Бул долбоор GIZ долбоорунун колдоосу менен К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, Каракол шаардык иш менен камсыз кылуу борбору менен биргеликте ишке ашырылууда.