Колледждин студенттери үчүн кесипке багыт берүү боюнча иш чара болуп өттү.

2023-жылдын 14-мартында «Физика жана электркамсыздоо» кафедрасында, ЫМУнун колледжинин бүтүрүүчү курстары жана Каракол шаарындагы педагогикалык колледждин студенттери үчүн кесипке багыт берүү боюнча иш чара болуп өттү. Иш чарага ЫМУнун илим жана инновация боюнча проректору Ишенбекова Н.Т., ФМжТТ факультетинин деканы Такырбашев А.Б. жана ЫМУнун окууга кабыл алуу боюнча комиссиясынын төрагасы Исабеков К.А. катышып, бүтүрүүчүлөргө кесип тандоодо ийгилик каалашты.