ЫМУнун студенти Машхуд Ахмед кыргыз тил курсун ийгиликтүү аяктады.

2023-жылдын 14-мартында Пакистан жараны Машхуд Ахмедге кыргыз тилинин А1, А2 деңгээли боюнча сертификат берилди. Сертификатты ЫМУнун Мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректору Б.Атыгаев тапшырып, угуучуну куттуктап, ийгилик каалады. Машхуд Ахмед сентябрь айынан бери ага окутуучу Ж.Түмөнбаевадан кыргыз тилин окуп-үйрөнүп, учурда өз оюн оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрө билет. Машхуд Ахмед өз сөзүндө кыргыз тили менен урду тилинин эки башка тил системасынан болгондугуна байланыштуу тил үйрөнүүнүн алгачкы этабы оор болгондугу, бирок бүгүн кыргыз тилинде эркин пикир алышып калгандыгын, коомдук жайларда дайыма кыргыз тилинде гана сүйлөп жаткандыгын белгилеп өттү жана кыргыз тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн университетке, окуткан мугалимине ыраазычылыгын билдирди.