ЫМУнун Колледжинде “Дүйнөлүк акча жумалыгы” белгиленди.

2023-жылдын 15-мартында Каракол шаарындагы ЖАК “Компаньон Банк”нын Башкы бухгалтери Орозбаева Насипа жана Операциялык кабинеттин башчысы Осмонова Жылдыз К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжнин 1-курсунун студенттерине ” Дүйнөлүк акча жумалыгы” алкагында финансылык сабаттуулук, кредит, депозит, акчаны туура колдонуу, үй-бүлөлүк киреше аттуу темаларда конок лекция өтүп беришти. Конок лекция абдан кызыктуу өтүп студенттер арасында суроо-жооптор болду жана студенттерге Компаньон банктын өкүлдөрү кызыктыруучу белектерди тапшырышты.