Педагогика факультетинин жыл жыйынтык отчету.

2023-жылдын 16-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Педагогика факультетинин жалпы жамааты Нооруз майрамына карата факультеттин окуу, тарбия, маданий иш чаралардын отчету катары жыл жыйынтыгындагы ийгиликтери менен тааныштырды. Факультеттин деканы ф.и.к., доц. А.Анапияева видеослайд аркылуу ар бир кафедранын жетишкен мыкты ийгиликтери менен кеңири тааныштырды. Иш чара үч бөлүктөн туруп, ар бир бөлүгү өтө маңыздуу, университеттин сыймыгы болгон Азия, Дүйнө чемпиондорунун мыкты презентациялары, маданий жетишкендиктери, окуудагы жетишкен ийгиликтери менен тең бөлүштү. Нооруз майрамынын алдында көрсөткөн мындай мыкты жөрөлгөнү окуу жайыбыздын ректору А.Иманбаев факультеттеги жетишкен ийгиликтерин кубаттап, мындан аркы иштерине албан ийгиликтерди каалап өттү.