ЫМУда “Жаңы күч” тасмасы көрсөтүлдү.

ЫМУнун “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда студенттер үчүн “Жаны күч” аттуу көркөм тасма көрсөтүлдү. Тасмадагы башкы каарман Чынгыздын образы абдан курч мүнөздө өнүгүп, элеттеги акыбалы оор мектептин ички, тышкы абалын жакшыртуу үчүн өзүнүн болгон дараметин жумшап, жакшы иштердин жарчысы болот. Ал тургай ичкиликке берилип кеткен адамды он жолго салып, мектептеги коллективдин ынтымагын бириктирет. Тентек, бейбаш окуууларга туура багыт көрсөтүп, чон салымын кошот.

Бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелерди козгогон, өзгөчө тарбиялык мааниси зор бул тасма окуучуларды жана студенттерди кайдыгер калтырган жок.