“Заманбап шарттарда энергияны үнөмдөө”.

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин “Электркамсыздоо” адистигинин студенттери үчүн “Заманбап шарттарда энергияны үнөмдөө” аталышындагы семинар өткөрүлдү. Семинардын коноктору Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын бөлүмдөрүнүн башчылары: Волчанский А. В. Жолдошов Д. С. Токбаев М. У. жана ошондой эле “Электрик групп” кичи ишканасынын башчысы Конокбаев Д.Ш. болушту. Семинардын соңунда университеттин окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Ж. Ш. конокторго университеттин атынан “Ыраазычылык баракчаларды” тапшырды. Семинар жогорку деңгээлде өттү.