ЫМУда баштапкы ишкерлерди окутуу курсу ишке ашырылды

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинде баштапкы ишкерлерди окутуу курсу ишке ашырылды. 27-мартта курстун демо-күнү уюштурулуп, курстун жыйынтыгында иштелип чыккан 15 катышуучу бизнес-пландарын тартуулашты. Катышуучулардын бизнес-пландары электрондук коммерция, туризмди өнүктүрүүдөн тарта билим берүү тармагын өнүктүрүүгө чейин багытталган кызыктуу, келечектүү долбоорлор болду.Демо-күнгө Ысык-Көл облустук Мамлекеттик администрациясынын, ЖИА бизнес-ассоциацисынын, Каракол шаарындагы коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышып долбоорлордун актуалдуулугун баса белгилешти. Баштапкы ишкерлерди окутуу курстары мындан ары ЫМУ тарабынан улантылып, бизнес-идеясы бар жана ишкерликти баштоону көздөгөн бардык каалоочуларды курска чакырат. Курстун программасы GIZ (Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коому) тарабынан каржыланып иштелип чыгып Каракол шаардык калкты жумуш менен камсыздандыруу бөлүмү менен биргеликте ишке ашырылды.Курс боюнча толук маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу алыңыздар: 0700536556, 0554536556 Амантурова Ч.К.