Студенттер аралык Республикалык менеджмент боюнча олимпиада

К.Карасаев атындагы БМУ тарабынан 2023-жылдын 23-мартында өткөрүлгөн студенттер аралык Республикалык менеджмент боюнча олимпиадага Кыргызстандын 14 жогорку окуу жайы катышышты (КЭУ,ОшМУ, КУАУ,КУУ, ОшТУ ж.б.). К.Тыныстанов атындагы ЫМУдан «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистигиги боюнча, жетекчилер Ч.Амантурова, О. Шевелева тарабынан даярдалган 4 студент катышышты. 3 тур менен өткөн олимпиаданын жыйынтыгы боюнча, ЫМУнун студенттеринин жетишкениктери:- 1-тур: тестирлөөдө – ЫМУнун студенти Т.Искеев 2-орунга ээ болду.- 2-тур: «Менеджмент боюнча долбоорлорду презентациялоодо» – ЫМУнун студенттеринин командасы 5-орунга ээ болушту.- 3-тур: квест оюнунда – ЫМУнун студенттеринин командасы 3-орнунга ээ болушту.Жогоруда белгиленген ЫМУнун студенттери жана алардын жетекчилери олимпиаданын уюштуруучуларынан алкыш алып кайтышты.