Академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Казакстанда

Мен, Төлөгөнова Кыял ЫМУнун экономика, туризм жана тарых факультетинин И-31 тайпасынында окуйм. Азыркы учурда Казакстандагы алдынкы ЖОЖдордун катарындагы Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында, тарых адистигинин 3-курсунда (жазгы семестр) окуп, билим алып жатам. Университет Алматы шаарында жайгашкан, студенттердин саны 8000 жетет. Университеттин 3 корпусу, спорт комплекси жана китептерге бай кооз китепканасы бар. Студенттер Казакстан боюнча эң жогорку 80.0000 тенге стипендия алып билим алышат. Университетте студенттик жашоо абдан кызыктуу жана көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп турат. Бош убактымда ар кандай экскурсияларга чыгып, боордош казак элинин маданияты, кооз жерлери, тарыхы менен танышуудамын. Мен үчүн чоң таасир калтырган бул бирге окууган группалаштарым, досторум жалан гана эне тили казак тилинде сүйлөшүүсү болду, ошондуктан өз мекенимди сүйүү, кыргыз тилинде сүйлөө сезимдери күч алды. Жалпысынан боордош Казак Республикасынын эң алдыңкы университетинде окууга мүмкүнчүлүк алганыма абдан кубанычтамын. Бул жерден көптөгөн жаңы досторду таптым жана тарых тармагындагы билимимди тереңдетүүдөмүн.Сөзүмдүн аягында, шаар, университет мага ар тараптан жаккандыгын кошуп кетким келет жана ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетиме ыраазычылык билдирем!