ЫМУда факультеттер аралык “Ден соолук” спартакиадасы жыйынтыкталды

2023-жылдын 28-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУда факультеттер аралык “Ден соолук” спартакиадасы жыйынтыкталды. Спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, эстафета менен жыйынтыкталды. ЫМУнун ректору А.Иманбаев 60 000 сом байге коюп, мыкты спортчулар акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты. Жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

l-орун Педагогика факультети

ll-орун Экономика, тарых жана туризм факультети,

lll-орун Филология факультети

Салтка айланган бул спартакиада эми күз айында дагы уланмакчы.