Э-31 тайпасынын студенттери таштандыларды кайра иштетүүчү заводко барышты

2023-жылдын 31-мартында «Экология» адистигинин Э-31 тайпасынын студенттери «Өнөр жай экологиясы» курсунун алкагында Каракол шаарынын таштанды төгүлгөн аянтта курулуп бүтүп калган таштандыларды кайра иштетүүчү заводко барышып, техникалык жана технологиялык процесси менен таанышып келишти. Бул боюнча заводдун инженери Асанкадыров Нурлан кенен маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди. Студенттер үчүн барып, өз жеринен көйгөйлөр жана чечимдер менен таанушуу абдан кызыктуу болду.