“Педагог – билим берүү жараянынын субъектиси катарында” аттуу темада БатМУда конок лекция

2023-жылдын 4-апрелинде К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин психология-педагогика жана гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти, психология илимдеринин кандидаты Чолпонкулова Назгүл Турдукалыевна “Педагог – билим берүү жараянынын субъектиси катарында” аттуу темада Баткен мамлекеттик университетинин Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультетинин студенттерине илимий конок лекциясын өтүп, катышуучулардын кызыгуусун арттырды.