Колледждин КП-21 тайпасы “Жаз майрамы” темасында ачык сабак өтүштү

2023-жылдын 6-апрелинде Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин КП-21 тайпасы, куратору Абдырай кызы Нурзаданын жетекчилиги менен “Жаз майрамы” темасында ачык сабак өтүштү. Ачык сабакта кыргыздын улуттук майрамдары, оюндары, кийимдери, тамак-аштары, салттары жөнүндө кенен чагылдырылды. Ачык сабака катышкандар, сабак өтө жогорку деңгээлде болгонун айтып, студенттерге ыраазычылык билдирди.