ЫМУнун колледжинде «Чексиз-Илим» аттуу илимий бир айлык старт алды

2023-жылыдын 10-апрелинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун «Илим жана инновация» боюнча проректораты тарабынан университтетин колледжине «Чексиз-Илим» аттуу илимий бир айлык старт алды. Колледждин студенттерин илим дүйнөсүнө кызыктыруу менен аӊ сезимин өөрчүтүүгө багытталган «Чексиз-Илим» аттуу илимий айлыкта колледждин КД-01, КП-11 тайпасынын студенттерине (келечектеги ар кыл тармактар боюнча дизайнер адистерин, жана башталгыч класстарда окутуу адистерин) «Көркөм сүрөт жана дизайн» кафедрасынын ага окутуучусу Термечиков Медет Аскерович ыш менен сүрөт тартуу, дудлинг, венталинг боюнча жогорку денгээлде мастер класс өтүп, ар бир студентти көркөм сүрөт өнөрүнө шыктандырды.